Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-ноябры №114/XXVIX-28
Кредиттерди жылдыруу жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевдин көчөлөрдү санитардык тазалоо үчүн сметалык ассигнованиелердин жетишсиздигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык кредиттерди жылдыруунун зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы -экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р. С. Абалбекова кредиттерди төмөнкү бөлүмдөр боюнча жылдырсын:
- ТЖКЧ 70629 3112 берене - 115,6 миң сом,
- Бала бакча 70911 3112 берене - 200,0 миң сом,
- Мам.кызмат көрсөтүүлөр 70111 2215 берене + 30,6 миң сом,
- ТЖКЧ 70629 2215берене +185,0 миң сом,
- Социалдык камсыздоо 71092 2721берене +100,0 миң сом.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Р.Шайлдабеков |