Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VI чакырылышынын № 1 кезексиз сессиясынын
2020-жылдын 21-февралы № 1-1
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин Нарын Эркин экономикалык аймагынын 19.02.2020-жылдагы № 6 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак участогундагы 200 га жер аянтына индустриалдык соода логистикалык борборун курууга жана мөөнөтсүз пайдаланууга Нарын Эркин экономикалык аймагына макулдук берилген Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VII кезексиз сессиясынын 27-август 2019-жылдагы чыккан №7-1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кара-Булак участкасындагы 200 га жер аянтына индустриалдык соода логистикалык борборун курууга 25.10.2019-жылы Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 4405031001000764 счетунун 14152400 элементине жергиликтүү бюджетке алынбай калган пайда үчүн келип түшкөн 1 782 000 (бир миллион жети жүз сексен эки мин) сом акча каражаты Нарын эркин экономикалык аймагына артка кайтарылып, которулуп берилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |