Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VI чакырылышынын № 1 кезексиз сессиясынын
2020-жылдын 21-февралы № 1-3
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, “Шайлоо жана референдум өткөрүү, шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык,шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды кароо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагындагы № 4015, № 4016 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаныртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келип түшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар №4015, № 4016 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын.(курамы тиркелет)
2. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |