Редакцияот 09.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 9-ноябры №115/XXIX-28

Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевдин Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун “Киргшелк айылындагы Мичурин көчөсүндөгү асфальт-бетон менен каптоону оңдоо” долбооруна катышуу үчүн 700,0 миң (жети жүз) сом өздүк салымынын өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2024-жылга карата “Киргшелк айылындагы Мичурин көчөсүндөгү асфальтбетон менен каптоону оңдоо” долбооруна катышуу үчүн материалдар жактырылсын.

2. Чүй облусунун өнүктүрүү Фондуна гранттарды каржылоону карап берүүгө өтүнүч кат жөнөтүлсүн, ошондой эле долбоордук-сметалык документтерге ылайык Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 700,0 миң.(жети жүз ) сомду кошооруна кепилдик берилсин.

3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Шайлдабеков