Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин № 1 кезектүү сессиясынын
2020-жылдын 17-январы № 1-2
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Кирешелер боюнча:
Жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 3452,1 мин сом
Тендештирилген грант 6020,3 мин сом
Бардыгы: 9472,4 мин сом
(Кирешелердин түрлөрү боюнча тиркеме тиркелет)
Чыгашалар боюнча:
А) Башкаруу аппаратына: 4271,7 мин сом
Б) Экономикалык маселелер (жайыт): 393,1 мин сом
В) Билим берүүгө: 4197,7 мин сом
Г) Маданият: 609,9 мин сом
Бардыгы: 9472,4 мин сом
(Чыгашалардын түрлөрү боюнча тиркеме тиркелет)
2. 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча киреше бөлүгү 9472,4 мин сом. Чыгашалар бөлүгү 9472,4мин сом бекитилсин. Бюджетте көрсөтүлгөн акча каражаттар тиешелүү статьялар, элементтер боюнча жумшалсын.
3. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 3814,1 мин сом. Тендештирилген грант 5748,5 мин сом. Жалпы: 9562,6 мин сом. 2022-жылга жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 3926,1 мин сом. Тендештирилген грант 5796,3 мин сом, жалпы: 9722,4 мин сом бекитилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |