ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-ноябры №116/XXIX-28
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин "Токмакский көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону оңдоо" долбооруна катышуу үчүн Ысык-Ата районунун үлүштүк (дем берүүчү) грантына өздүк салым 2 599 007 (эки миллион беш жүз токсон тогуз миң жети ) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап , Люксембург айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылга карата "Токмакский көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону оңдоо" долбооруна катышуу үчүн материалдар жактырылсын.
2. Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды каржылоону карап берүүгө өтүнүч кат жөнөтүлсүн, ошондой эле долбоордук-сметалык документтерге ылайык салымды Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2599 007 (эки миллион беш жүз токсон тогуз миң жети) сомду кошооруна кепилдик берилсин.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Т. Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Шайлдабеков |