ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-ноябры №117/XXIX-28
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин республикалык бюджеттен бирдиктүү салык боюнча максаттуу трансферттерге 3 084, 7 миң (үч миллион сексен төрт миң жети жүз)сом суммасында каржыланышына байланыштуу "Василек" бала бакчасын тосууга, светофорлорду светодиоддук светофорлорго алмаштырууга, ошондой эле Киргшелк орто мектебинин жыйындар залы үчүн отургучтарды сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап., Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен бирдиктүү салык боюнча максаттуу трансферттерге 3084,7 миң (үч миллион сексен төрт миң жети жүз)сом суммасында каржыланышына байланыштуу "Василек" балдар бакчасын тосууга, светофорлорду светодиоддук светофорлорго алмаштырууга, ошондой эле Киргшелк орто мектебинин жыйындар залы үчүн отургучтарды сатып алууга төмөнкү бөлүмдөр боюнча акча каражаты бөлүнсүн:
ТЖКЧ 70629 2215- беренеси – 1660,7 миң сом;
3111-беренеси – 1 100,0 миң сом;
Билим берүү 70921 3112 –беренеси – 324,0 миң сом.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Т. Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Шайлдабеков |