Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин № 1 кезексиз сессиясынын
2020-жылдын 21-февралы № 1-4
Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 01.01. 2020-жылга 2019-жылдан бюджетке калдык болуп калган 2 611 733,54 мин сом акча каражатын кароо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак участкасындагы 200 га жер аянтына индустриалдык соода логистикалык борборун курууга 25.10.2019-жылы Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 4405031001000764 счетунун 14152400 элементине жергиликтүү бюджетке алынбай калган пайда үчүн келип түшкөн 1 782 000 (бир миллион жети жүз сексен эки мин) сом акча каражаты Нарын эркин экономикалык аймагына артка кайтарылып, которулуп берилсин.
2. 829 733,54сом калган акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
– Келишим менен алынган ветеринардык адистин айлыгы жана соцфонд үчүн төлөмдөргө- 179 950 сом
– Айылдык Кенештин төрагасынын айлык акына жана канцелярдык товарларына – 15 000,54 сом
– А.Чортеков орто мектебинин жылуулук системасына өздүк салым – 315 600 сом
– ГСМге -100 000 сом
– Айыл өкмөтүнө канцелярдык товарлар үчүн – 52 500 сом
– Экотехинспекциянын айып пул төлөмдөрүнө – 12 500 сом
– Вебсайт – 8000 сом
– Афган күнүнө – 7500 сом
– Терек-Суу айылынын түнкү чырактарынын ремонту үчүн 35 000 сом
– Интернет үчүн- 23 220 сом
– Командировкалык чыгымдар үчүн – 10 463 сом
– Нооруз майрамына 15 000 сом
– 7-апрелге 10 000 сом
– 9-майга 5000 сом
– 1-июнь балдар күнүнө 10 000 сом
– Спорттук иш чаралар үчүн 30 000 сом
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |