Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-ноябры № 709
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлар бериле турган субъекттердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарларды импорттоочу субъекттердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 91 (3645) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |