ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХIV сессиясы
2023-жылдын 22-декабры № 140
2023-жылдын 2-жарым жылдыгы боюнча калкты социалдык жактан коргоо программасын аткаруу жөнүндө
2023-жылдын 2-жарым жылдыгы боюнча калкты социалдык жактан коргоо программасын аткаруу жөнүндө маалыматты угуп жана талкулоо менен, Шопоков шаардык кеңеши:
Токтом кылат:
1.2023-жылдын 2-жарым жылдыгы боюнча калкты социалдык жактан коргоо программасын аткаруу жөнүндө маалымат эске алынсын.
2.Шопоков шаарынын мэриясы жашоо шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен иштөөнү улантууну күчөтүү,тобокелдик тобундагы балдарга өзгөчө көңүл бурсун.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шопоков шаарынын мэрдин орун басары Ч.Т.Токтогуловага жана Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.И.Назаров |