Редакцияот 17.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХII сессиясы

2023-жылдын 17-ноябры № 134

Өздүк салым жөнүндө

Шопоков шаарынын мэриясынын “Шопоков шаарынын №1 мектеп гимназиясынын борбордук аянтчасына брусчатка төшөө”долбоору, “Шопоков шаарынын футбол аянтчасын евро тосмо менен курчоо жана чуркоо жолун салуу”долбоору жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1.2024 – жылга карата үлүштүк (дем берүүчү) грантка өздүк салым 20% өлчөмүндө “Шопоков шаарынын №1 мектеп гимназиясынын борбордук аянтчасына брусчатка төшөө”долбооруна 595 000 (беш жүз токсон беш миң) сом, “Шопоков шаарынын футбол аянтчасын евро тосмо менен курчоо жана чуркоо жолун салуу”долбооруна 557 500 (беш жүз элүү жети миң беш жүз) сом акча каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэрдин орун басары Ч.Т.Токтогуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

С.И.Назаров