ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХI сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 132
Шопоков шаарынын көрктөндүрүү комбинатынын таштандыларды чыгаруу милдети “Шопоков – жашыл чарба” мунипалдык мекемесине өткөрүп берүү жөнүндө
Шопоков шаарынын көрктөндүрүү комбинатынын тиричилик таштандыларды чыгаруу милдети “Шопоков – жашыл чарба” муниципалдык мекемесине өткөрүп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1.Шопоков шаарынын аймагындагы тиричилик таштандыларды чыгаруу милдети Шопоков шаарынын көрктөндүрүү комбинатынан “Шопоков – жашыл чарба” муниципалдык мекемесине өткөрүлүп берилсин.
2.“Шопоков – жашыл чарба” мунипалдык мекемесинин Уставына өзгөртүүлөр киргизилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышы Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин социалдык маселелер жана билим берүү боюнча комиссиясына жана Шопоков шаарынын мэрдин орун басары Ч.Т.Токтогуловага жүктөлсүн.
Төрага | С.И.Назаров |