Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин II кезексиз сессиясынын
2020-жылдын 24-марты № 2-1
Ак-Талаа айыл өкмөтүнө 2020-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан ЖЧК “Мунушкордон” 50 000 ( элүү мин ) сом, ЖЧК “Чатыр-Таштан” 100 000 ( бир жүз мин ) сом, ЖЧК “Кол-Тетриден” 225 000 ( эки жүз жыйырма беш мин ) сом жана ЖЧК “ Бетегеден” 175 000 ( бир жүз жетимиш мин ) сом жалпы 550 000 ( беш жүз элүү мин ) сом акча каражатын кароо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл өкмөтүнө 2020-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан ЖЧК “Мунушкордон” 50 000 ( элүү мин ) сом, ЖЧК “Чатыр-Таштан” 100 000 ( бир жүз мин ) сом, ЖЧК “Кол-Тетриден” 225 000 ( эки жүз жыйырма беш мин ) сом жана ЖЧК “ Бетегеден” 175 000 ( бир жүз жетимиш мин ) сом жалпы 550 000 ( беш жүз элүү мин ) сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнсүн.
2. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында 550 000 (беш жүз элүү) мин сом каралсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |