Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-марты № 1920-VII
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Сурабалдиева, Н.А.Нарматова, С.А.Айжигитов, М.Самыйкожо, Ы.Ы.Атажанов, А.Т.Эрбаев, В.К.Раимбачаева, М.О.Темирбаева, К.А.Талиева, Д.Д.Бекешев, А.А.Козуев, К.К.Самаков, Ж.С.Кыдыкбаев, Н.А.Азыгалиев, К.Л.Ханджеза, А.Ж.Боронбаев, Т.Т.Мамытов, Б.Э.Тентишев тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |