Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №6
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү муниципалдык менчик мүлктөрүн ижарага берүү жөнүндө».
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине,”Муниципалдык менчик обьектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобонун 8-главасына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, айыл өкмөтүнүн башчысы Ашырбаев Болот Сапарбекович ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктүү Бизнес өнөктөш “Ак-дан Жаңы-Базар” көп тармактуу айыл чарба кооперативине экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ашырбаев Болот Сапарбекович белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин
3. Бизнес өнөктөш “Ак-дан Жаңы-Базар” көп тармактуу айыл чарба кооперативине -өткөрүп берүү кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
-Ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине караштуу Жер ресурстары
кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик катоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик
мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы
жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте коттоодон
өткөрсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |