Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-ноябры № 683
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Архитектура жана курулуш иши чөйрөсүндө лицензия берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 220-7 жана 220-8-пункттар менен толукталсын:
"220-7. Жоопкерчиликтин экинчи жана үчүнчү деңгээлдериндеги лицензиялоодон өтүү зарылдыгын жокко чыгаруучу жоопкерчиликтин биринчи деңгээлиндеги курулуш ишинде аткарылуучу иштерди лицензиялоо төмөнкүлөр болгон учурда жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн биринин өтүнүчү;
2) лицензиатта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен 10 миллион АКШ долларынан жогору суммага белгиленген тартипте түзүлгөн инвестициялык макулдашуу;
3) лицензиатта бир миллиард сомдон жогору суммага белгиленген тартипте түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;
4) конкреттүү долбоорлоо жана/же куруу объектине лицензиялоо субъектинин арызы.
Ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда жоопкерчиликтин биринчи деңгээлиндеги курулушу аяктаган конкреттүү объект эксплуатациялоого берилген шартта лицензиар конкреттүү долбоорлоо жана/же куруу объектине талаптарды белгилебестен лицензиялоону жүзөгө ашырат.
220-8. Ушул Жобонун 220-7-пунктунда көрсөтүлгөн курулуш ишинде аткарылуучу иштерди лицензиялоо субъекттери Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, ошондой эле лицензиялык талаптарга ылайык келген чет мамлекеттердин юридикалык жактары болушу мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |