Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №8
«Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын тургуну Рысбеков Кубаныч Сатимбаевичтин кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын “Жеңижок” көчөсүнүн аты 2022-жылдын 15-июлундагы №387 “КРсындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык “Эл агартуунун отличниги” “Чаткал районунун ардактуу атуулу” маркум Рысбеков Сатимбай Рысбековичтин ысымына өзгөртүлсүн.
2. Көчөгө ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу С.Рысбековдун уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |