Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №9
«Спорт комплекске ысым ыйгаруу жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын тургуну Бексултан Аликеевдин кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылына жаңыдан курулган спорт комплексине 2022-жылдын 15-июлундагы №387 “КРсындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги” “Чаткал районунун ардактуу атуулу” “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги” маркум Айымбетов Шадыкан Акикеевичтин ысымы берилсин.
2. Спорт комплексине ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу Ш.Айымбетовдун уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |