Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №11
«С.Чоңдоева МЧББУна от казан салууга керектүү акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/932 чыгыш сандуу катынында көрсөтүлгөн Курулуш айылындагы “С.Чоңдоева” МЧББУ мекемесинин от казанын салуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 КРсынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын 29-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылындагы “С.Чоңдоева” мектепке чейинки балдар бакча уюмунун жылуулук системасын жакшыртуу максатында жаңыдан от казан салуу үчүн 3 729 503 (үч миллион жети жүз жыйырма тогуз миң беш жүз үч) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |