Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХI сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 125

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды ɵткɵрүү жөнүндө” Жарлыгын, Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоону уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилеген жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмөсү, Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы жана Элдик курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планын, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын каттарынын негизинде, Шопоков шаардык кеңешитин Х – чакырылышы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.2023-жылдын 16-26 октябрына чейин Шопоков шаарында өкүлчүлүктүү жыйындар өткөрүлсүн.

2.Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмөнүн негизинде шаардын жашоочуларынын санына жараша, нормага ылайык жалпы саны 100 делегат болуп бекитилсин.

3.Шаардын жашоочулардын санын, көчөлөрдүн санын жана жаңы конуштардын санын эске алып 5 (беш) участокторго бөлүнсүн :

1.Участок №1 к/к “Южный”, “Геология” - 20 делегат

2.Участок №2 к/к “Ынтымак” жана Октябрьская,

  Ново-Октябрьская,Заводская, Садовая көчөлөрү - 20 делегат

3.Участок №3 к/к “Новостройка” - 20 делегат

4.Участок №4 “Центр” - 20 делегат

5.Участок №5 к/к “Мирный”, Футбольная, Машиностроительная

көчөлөрү - 20 делегат

жана ар бир участоктон 20 дан делегаттар шайлансын.

4.Шопоков шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги бекитилсин. (1-тиркеме).

5.Өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин (2-тиркеме).

6.Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин (3-тикреме).

7.Шопоков шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы бекитилсин (4-тиркеме).

8.Шопоков шаарынын мэриясы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча даярдоого жана өткөрүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтсүн.

 

Төрага

С.И.Назаров