Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №15
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резерв фондуна сунуштоо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/934 чыгыш сандуу катынын 3-5-7-пунктунда көрсөтүлгөн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын
тургуну Кожобеков Замирбектин уулу Кожобеков Курманбектин контрагын төлөө;
-Кайың-Суу айылынын тургуну Мендирман кызы Замиранын кызы Эрматова
Мадинанын дарылануусу боюнча;
-Каныш-Кыя айылынын тургуну Рысбеков Бактыбектин ден соолугуна
байланыштуу жардам сурап жазган кайрылууларынын негизинде жашоо шартын карап акча каражатын бөлүп берүү үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резерв фондуна сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |