Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №17
«Шырдак фестивалына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/915 чыгыш сандуу катынын көрсөтүлгөн 2024-жылдын 10-11-август күндөрү өткөрүүлүүчү фестивальга керектүү акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 2024-жылдын 10-11-август кундөрүндө өтүүчү “Терме-акылдын айдыңы, курак элдин байлыгы” 2-айлампакароо сынак фестивалын өткөрүүгө 357 700 (үч жүз элүү жети миң жети жүз) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |