Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №18
«Калктуу конуштарды электр тогу менен камсыз кылуу максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/929 чыгыш сандуу катынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн калктуу конуштарды электр тогу менен камсыз кылуу максатында керектүү акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап, депутат Б.Андашованын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карштуу Ак-Таш, Кара-Булак, Коргон-Сай айылдарынын калктуу конуштарын жана Кармовый цех участкасын электр тогу менен камсыз кылуу максатында керектүү материалдарды сатып алууга 246 100 (эки жүз кырк алты миң бир жүз) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |