ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХ сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 124
Катар фонду тарабынан өткөрүлгөн тендерге ылайык кошумча каржылоого акча каражаттын бөлүү
Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде Катар фонду тарабынан өткөрүлгөн тендерге ылайык акча каражатын бөлүп берүүнү угуп жана талкуулап , Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1.Катар өнүктүрүү фонду менен 2023- жылдын 28-апрелиндеги №109 3-жактуу келишимине ылайык 3 799 882 (үч миллион жети жүз токсон тогуз миң сегиз жүз сексен эки) сомго өткөрүлгөн тендерде “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын аймагында Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын социалдык маанидеги 120 метрге чейинки тереңдиктеги скважина бургулоо боюнча № 225503/226723” Шопоков шаарынын аймагындагы Ынтымак жана Мирный конушундагы скважиналарды бургулоого биргелешип каржылоо боюнча 300,0 (үч жүз) миң сомдон 600,0 (алты жүз) миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шопоков шаарынын мэрдин орун басары Ч.Т.Токтогуловага жана Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К.С.Джеенчороев |