Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-ноябры № 692
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө караштуу мамлекеттик ишканаларды жоюу жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын санын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 98, 99-статьяларына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жоюлсун:
1) Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын "Мамлекеттик резиденция" мамлекеттик ишканасы;
2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн автогаражы" мамлекеттик ишканасы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жоюу балансын бекитүү боюнча ыйгарым укуктар берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн жоюу комиссияларын бир жумалык мөөнөттө түзсүн;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |