Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-ноябры № 2510-VII
"2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам - алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам - ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп каржылоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 10-июнундагы чыг. № 18-5175) "2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам - алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам - ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп каржылоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |