Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №19
«Ичүүчү суу тартууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/713 чыгыш сандуу катынын 1-пунктунда жана 08.08.2024-жылдагы №01-18/934 чыгыш сандуу катынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жаңы-Базар айылындагы “Аэропорт” көчөсүнүн, А.Кулубаев көчөсүнүн тургундарына ичүүчү сууну жакындатып тартып берүүгө акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карштуу Жаңы-Базар айылынын “Аэропорт”, А.Кулубаев көчөсүнүн тургундарына ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу таза суу менен камсыз кылуу максатында КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 4-пунктуна ылайык керектүү материалдарды сатып алууга 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |