Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №20
«Окуучуларды ыссык тамак менен камсыздоого шарт түзүп берүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 16.07.2024-жылдагы №01-19/753 чыгыш сандуу катынын 1-2-пунктунда көрсөтүлгөн Б.Шерматов атындагы башталгыч билим берүүчү мектебине жана А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги окуучуларды ыссык тамак менен камсыз кылуу үчүн шарт түзүүгө акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карштуу Чандалаш жана Жер-Капчыгай айылдарындагы мектептерди “Мерско” эл аралык уюму тарабынан берилүүчү ыссык тамак-ашты уюштурууга Б.Шерматов атындагы башталгыч билим берүүчү мектебине мектептин инфраструктуралык обьектилерин куруга 492 000(төрт жүз токсон эки миң) сом, А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин ашканасынын ичине ремонт жасоого 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |