Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №21
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин жардамга муктаж жарандардын арыздарын сессиядан кароо боюнча жазган каттарын жана төрага М.Аликеевге жазган арыздарды карап, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жана ар кандай багыттар боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты тиркемеде көрсөтүлгөн жарандарга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |
Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана ар кандай себептер менен акчалай жардам берүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынан колдоо тапкан акча каражаттары:
№ | ФИО | Айылы | Багыты | Бөлүнгөн акча каражаты | ||
1 | Кадырбекова Токтобү | Каныш-Кыя | Ден-соолугуна | 20 000 | ||
2 | Досбаева Тынара | Жаңы-Базар | Кызы Жайлообаева Перизаттын жүрөк операциясына | 50 000 | ||
3 | Каныбек кызы Дилфуза | Курулуш | Кызы Кубатбекова Муслиманын жамбашын операция жасатууга | 30 000 | ||
4 | Таирбекова Айгерим | Жаңы-Базар | Өзүнүн экинчи жолку операциясына | 20 000 | ||
5 | Курсантбек кызы Жылдыз | Каныш-Кыя | Уулу Асандын көзүн операция жасатууга | 30 000 | ||
6 | Сулайманов Уланбек | Коргон-Сай | Кезектеги дарылануусуна | 30 000 | ||
7 | Мамырова Сапарбүү | Жаңы-Базар | Кезектеги дарылануусуна | 30 000 | ||
8 | Холилова Сожида | Ак-Таш | Холилова Диянанын дарылануусуна | 30 000 | ||
9 | Мамытова Акбермет | Башкы-Терек | Автордук китебин чыгарууга | 30 000 | ||
10 | Эшалиев Каныбек | Жаңы-Базар | Кезектеги дарылануусуна | 30 000 | ||
11 | Абдибалиева Айгуль | Курулуш | Өскөнова Жамалкандын дарылануусуна | 30 000 | ||
12 | Абсалам кызы Зулфия | Айгыр-Жал | Кызынын дарылануусуна | 20 000 | ||
13 | Мамытова Гүлсүн | Жаңы-Базар | Ден соолугуна байланыштуу | 30 000 | ||
14 | Досбаев Максат | Ак-Таш | Боор оруусун дарылатууга | 30 000
| ||
15 | Дөбүтбеков Жумадил | Каныш-Кыя | Ден соолугуна байланыштуу | 20 000 | ||
16 | Жайлооева Жазгүл | Каныш-Кыя | Жолдошунун ден соолугуна байланыштуу | 20 000 | ||
Жалпы: 450 000 | ||||||
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |