ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 22-июлу № 3/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылга карата иш-планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоо туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
3. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Хасановго тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |
|
| Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22- июлундагы кезектеги III сессиясынын № 3/1 токтому менен бекитилди |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылга карата
иш-планы
III квартал:
Июль айында:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылга карата иш-планын бекитүү.
2. Ар түрдүү маселелер.
Август айында:
1. Өзгөн шаардык бюджетинин 2021-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы
«Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссия
2. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жана Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер
«Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссия
3. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери жана Өзгөн райондук санэпидстанциянын шаардын аймагында эпидемиялык ооруларды алдын алууда жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
Сентябрь айында:
1. Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаардык мэриясынын «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча» комиссиясынын 2020-жылда жүргүзгөн иштери жана 2021-жылда жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер.
IV квартал:
Октябрь айында:
1. Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери
«Экономика, туризм, инвестицияларды тартуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн РЭТ ишканасынын шаардын элин тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери
«Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссия
3. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
Ноябрь айында:
1. Өзгөн шаар мэриясынын туризмди өнүктүрүү жана шаарга келген турусттерге шарт түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери
«Экономика, туризм, инвестицияларды тартуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссия
2. Шаардагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери (аксакалдар соту, аялдар, жаштар комитети)
«Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер.
Декабрь айында:
1. 2021-жылдын титулдук тизмесиндеги иштерди аткарууда Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2021-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
3. Өзгөн шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү.
«Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссия Ар түрдүү маселелер.
Төрага | А. Хасанов |