Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №24
«Долбоор сметаларды даярдатууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/935 чыгыш сандуу катынын 2-пунктун крап, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы төмөнкү долбоор сметаларды даярдатууга 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин;
2. -Ак-Таш айылындагы “Жаш-Тилек” бала бакчасынын жылутуу системасынын от казанын курууга 200 000 (эки жүз миң) сом,
-Курулуш айылындагы “С.Чоңдоева”атындагы бала бакчасынын жылытуу
системасынын от казанын курууга 200 000 (эки жүз миң) сом;
-Жаңы-База айылына сейил бак (Парк) салууга 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
-Чандалаш айылына ФАП салууга 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
-Ак-Таш айылына салынуучу Лыжа базасына 5 даана эс алуучу домиктерди салууга
100 000 (жүз миң) сом;
-Кара-Булак айылына сейил бак (Парк) салууга 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
-Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров атындагы орто билим берүүчү мектебине
актовый зал салууга 500 000 (беш жүз миң) сом;
-Чаткал райондук ЖДПБна медициналык калдыктарды залалсыздандыруу үчүн имарат
курууга керектүү акча каражаты;
-Коргон-Сай айылындагы таза суунун долбоорун аягына чыгарууга 300 000 (үч жүз
миң) сом;
- Жаңы-Базар айылынын “Аэропорт” учаскасына техникалар үчүн гараж салууга
керектүү акча каражаты;
-Жаңы-Базар айылындагы Орозгүл Барпиева атындагы “Алтын-Өрөөн” МЧББУнун
мекемесинин сырткы короосун королоо, балдар ойноочу аянтча, ашкана куруу үчүн
керектүү акча каражаты;
3. Жогорудагы долбоорлор боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |