Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №25
«Бекер медициналык жардам берүү үчүн келген врачтарга тамак-аш, жатаканасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карштуу айылдарды кыдырып, элге бекер медициналык жактан жардам берүү үчүн келген врачтарды тамак-аш жана жатакана менен камсыздоого 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |