Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-ноябры № 186
Жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-сентябры, № 100) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 1-бөлүгүнүн 42-пункту "никотин камтыган суюктукту ысытуучу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жылытуучу элементи бар" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 13-берененин 4-бөлүгү "тамеки чегүү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "жана никотинди камтыган продукцияны пайдалануу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 151-берене менен толукталсын:
"151-берене. Жарандардын ден соолугун коргоо жана колдоо үчүн чаралар
Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук сигареталарды ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 831-берене менен толукталсын:
"831-берене. Электрондук сигареталарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузуу
1. Электрондук сигареталарды пайдалануу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Электрондук сигареталарды сатуу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 456-берене "83" деген цифралардан кийин ", 83-1" деген цифралар менен толукталсын;
3) 465-беренеде "75-84" деген цифралар "75-82, 84" деген цифраларга алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2311-берене менен толукталсын:
"2311-берене. Электрондук сигареталарды мыйзамсыз ташып келүү
1. Электрондук сигареталарды олуттуу өлчөмдө ташып келүү -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 1200 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга жазаланат.
2. Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун -
1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
159-берененин 41-бөлүгүндө "231-беренеси" деген сөздөр "231, 231-1-беренелери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 91 (3645) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 23-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |