Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №26
«“Коомдук транспорт уюштуруу максатында микроавтобус сатып алуу жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин жана айылдык кеңештин депутаты У.Качканаковдун сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жарандарга жол каттамына шарт түзүү үчүн, коомдук транспортту уюштуруу максатында КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык 4 (төрт) микроавтобус сатып алууга уруксат берилсин.
2. 2 (эки) микроавтобус алууга 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң ) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин.
3. Ал эми калган 2 (эки) микроавтобус сатып алууга 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |