ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХ сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 120
Шопоков шаарынын бала бакчаларынын ата энелик төлөмдөрүн 100 сомго көтөрүү
“Ак-Тилек” жана “Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамак-ашка жана керектүү тиричилик жана канцелярдык товарларга баанын жогорулашына байланыштуу ата-энелердин төлөмүнүн жаңы ставкасы боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап , Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1.2023-жылдын 1-сентябрынан баштап ар бир балага 100 (жүз сом ) төлөмүн бекитүү, анын ичинде:
1.Тамак ашка ата-энелердин эсебинен - 90 сом
Башка чыгымдарга ата-энелердин эсебинен - 10 сом
2.Мэрия тарабынан тамак ашка - 18 сом
Баардыгы тамак ашка бир күнгө - 118 сом
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шопоков шаарынын мэрдин орун басары Ч.Т.Токтогуловага жана социалдык маселелер жана билим берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К.С.Джеенчороев |