Редакцияот 22.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шопоков шаардык кеңешинин Х чакырылышынын XIХ сессиясы

2023-жылдын 22-июну № 114

Мурда кол коюлган келишимдин негизинде “Көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк куруу жөнүндө”

Гагарин көч. н/ж дареги боюнча муниципалдык жерге 8,5 га өлчөмүндө “Көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк куруу жөнүндө” мурда кол коюлган

келишимин угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1.Шопоков шаарынын мэриясы 140 (жүз кырк) квартираны муниципалдык менчикке 17.01.2023-ж. көп кабаттуу үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин курууда үлүштүк катышуу жөнүндө түзүлгөн келишимге өткөрүп берүү тартиби жөнүндө келишим түзсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шопоков шаарынын мэри А.Т.Бекболотовго жана жер маселелери боюнча комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

С.И.Назаров