Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №28
«“Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына техника сатып алуу жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/935 чыгыш сандуу катын карап жана талкуулап, “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына түшкөн каражатынан JCB JS305LS/2023/ жана Nyundai R210W-9S эксковаторлорун сатып алууга уруксат берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын 27, 39-беренелерине жетекчиликке алып, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына түшкөн акча каражатына JCB JS305LS/2023/ жана Nyundai R210W-9S экскаваторлорун лизингге алуу үчүн “Айыл Банк” ААКга өтүнмө жиберилсин.
2. Аталган техникалардын өздүк баасы 08.08.2024-жылга карата КРнын Улуттук Банкынын АКШ долларына карата расмий курсуна ылайык 31 525 000 (отуз бир миллион беш жүз жыйырма беш миң) сом болгондуктан 30% (пайызы) 9 457 590 (тогуз миллион төрт жүз элүү жети миң беш жүз токсон) сом жана ушул техникаларды 5 (беш) жылдык мөөнөткө камсыздандыруу үчүн кошумча акча каражаты 290 000 (эки жүз токсон миң) сом жана баажы алымы үчүн 1 655 078 (бир миллион алты жүз элүү беш миң жетимиш сегиз) сом, каттоо жана башка чыгымдарга 500 000 ( беш жүз миң) сом жалпысынан 11 902 668 (он бир миллион тогуз жүз эки миң алты жүз алтымыш сегиз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен “Айыл Банк” ААКда ачылган “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын транзиттик эсеп счётуна которулсун.
3. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө, “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасы “Айыл Банк” ААКда болгон карызы төлөнбөй калган учурда, төлөө жагын өз кепилдигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына Айыл Банктан алынуучу аталган техникаларды лизингге сатып алууда кепилдик кат берүүсү айыл аймак башчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын мыйзамдуулугун кароо менен камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге, ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын. Көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары У.Качканаковго жана бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |