Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №30

 

«Акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары М.Козубаев жана К.Карабаевдердин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карай бекитилген социалдык-экономикалык программасынын аткарылбай калган жумуштарынын акча каражаттарын мүмкүнчүлүгүнө карап, жылдырып иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев