Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №31
«Ак-таш айылындагы стадионго ысым ыйгаруу жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Таш айылынын стадионуна Эрматов Тообайдын ысымын ыйгаруу боюнча депутат М.Козубаевдин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Таш айылындагы стадионго 2022-жылдын 15-июлундагы №387 “КРсындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык маркум Эрматов Тообайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Стадионго ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу Т.Эрматовдун уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Ак-Таш айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |