Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №34
«Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын социалдык пакетине сунуштоо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 24.06.2024-жылдагы №01-19/511 чыгыш сандуу депутат С.Абдылдаеванын кайрылуусунун негизинде 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражатын сурап жазган катын карап, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутат С.Абдылдаевага Чаткал районунун брендин, символикаларын, тарихий маданий мурастарын, билим берүүнүн заманбап креактивдүү усулдук колдонмолорун жайылтууга керектүү орг техникаларын алуу үчүн 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык пакетине сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |