Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №36
«Чаткал айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө ».
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Чаткал айылдык кеңеши менен Каныш-Кыя айылдык кеңеши бириктирилгендиктен депутат М.Козубаевдин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Курулуш айылына курулуучу маданият үйүнүн долбоордук курулушу боюнча түзүлгөн жалпы наркы 27 010 375 (жыйырма жети миллион он миң үч жүз жетимиш беш) сомдук проектиси жактырылсын жана Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Долбоордун талаптарына ылайык өздүк салым үчүн төлөнүүчү 10% дык төмөндөгү 2 701 375 (эки миллион жети жүз бир миң үч жүз жетимиш беш) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |