Редакцияот 13.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясынын отурумунун

 

2021-жылдын 13-августу № 4/1

 

Өзгөн шаарынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндө

   

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясынын отуруму «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 10-августундагы № 2 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын (титулдук тизмени) депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Өзгөн шаарынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына (титулдук тизмеге) өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизинде бөлүнгөн каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо Өзгөн шаар курулуш бөлүмүнө жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

   

  

Төрага

А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын

13-августундагыкезексиз IV сессиясынын

№4/1 токтому менен бекитилди

 

 

Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаардын калктуу конуштарында элдин турмуш денгээлин оңдоо максатында 2021-жылда пландаштырылган жумуштардын Титулдук тизмеси (2021-жылдын 13-августуна карата өзгөртүүлөрү менен)

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгу тиркемеси)