Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №37
«СафПласт ЖЧКсына чачыранды алтын казуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын № 3 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылындагы “Метеостанция Чаткал” участкасынан чачыранды алтын кенин казып алуу үчүн 1,8 га жер аянтын бөлүп берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |