Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №1
«Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 29.08.2024-жылдагы № 01-19/1084 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөн Жаңы-Базар айылындагы спорт комплекстин 1-корпусун куруу үчүн сметадагы 25 078 532 (жыйырма беш миллион жетимиш сегиз миң беш жүз отуз эки) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоону карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карштуу Жаңы-Базар айылындагы спорт комплекстин 1-корпусун куруу үчүн сметада көрсөтүлгөн 25 078 532 (жыйырма беш миллион жетимиш сегиз миң беш жүз отуз эки) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |