Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №2
«Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына кайрылуу жазган Чаткал районунун тургундарынын суроо талабына негиз Кара Кыргыз автономиялуу республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата “Кожожаш” атанын айкелин Каныш-Кыя айылына орнотууга макулдук берүү жана айкелин орнотууга 4 600 000 (төрт миллион алты жүз миң) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоону карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Кара Кыргыз автономиялуу республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата “Кожожаш” атанын айкелин Каныш-Кыя айылына орнотууга макулдук берилсин.
2. “Кожожаш” атанын айкелин Каныш-Кыя айылына орнотууга 4 600 000 (төрт миллион алты жүз миң) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |