Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №4
«Чаткал айыл өкмөтүнүн 23 кызматкерине аз төлөнгөн эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 30.08.2024-жылдагы №01-19/1108 чыгыш сандуу катынын 1-пунктун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин 2024-жылдын 1-июлундагы №02-3/121 жана 2024-жылдын 30-июлундагы №02-3/146 сандуу буйругунун негизинде Чаткал айыл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31- мартына чейинки мезгил аралыгындагы аудиттин текшерүү жыйынтыгы менен 23 (жыйырма үч) кызматкерге 149 400 (бир жүз кырк тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |