Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №6
« Кошумча акча каражаттарынан мектептин ички ремонтуна бөлүп берүү жөнүндө ».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 30.08.2024-жылдагы №01-19/1108 чыгыш сандуу катынын 4-пунктун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы билим берүүчү орто мектебинин ички бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүүдө кошумча жумуштары үчүн эсептелинген сметага ылайык 4 761 044 (төрт миллион жити жүз алтымыш бир миң кырк төрт ) сом акча каражаты кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын..
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |