Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №7
« Акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Нармырзаев Ильясбек Мансурхановичтин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн субсидия катары берилген 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Кара-Терек участкасындагы көпүрөнү жана жолду оңдоо үчүн “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын счётуна которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |