Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №8
« Нур Билим МЧББУна кошумча тайпа ачууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 29.08.2024-жылдагы №01-19/1083 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөн Кара-Булак айылындагы “Нур Билим” МЧББУна кошумча тайпа ачууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча сунушун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылындагы “Нур Билим” балдар бакчасынын кошумча тайпа ачууга керектүү инвентар алуу үчүн 524 000 (беш жүз жыйырма төрт миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |