Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №10
« Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө ».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрага М.Аликеевге жазган жардамга муктаж жарандардын сессиядан кароо боюнча кайрылууларын карап, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жана ар кандай багыттар боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 555 000 (беш жүз элүү беш миң) сом акча каражаты тиркемеде көрсөтүлгөн жарандарга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |